• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пандемия күчөп турган кезде министрликтин чиновниги дарылоонун 3-протоколун катып жүргөн - Сурабалдиева

COVID - 19 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин чиновниги өлкөдө оору күчүп жаткан учурда бир ай бою коронавирусту дарылоо боюнча 3-протколду катып жүргөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда КР вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 15-майында антикоагулянттардын тизмеси менен коронавирусту дарылоо боюнча 3-протокол иштелип чыккан. Бирок 18-июнга чейин бул протокол бир аткаминердин кабинеттинде катылып жаткан.

“Дары-дармектердин тизмеси фармацевтикалык компанияларга 1-июлда берилген, андан соң гана алар дары-дармектерге буюртма беришкен”, - деди ал.

Сурабалдиева аткаминерлердин атын атаган жок, бирок булар Саламаттык сактоо министрлигинин аппаратында иштеген адамдар экендигин тактады.

Вице-премьер билдиргендей, бул иш Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралып, тиешелүү тапшырмалар берилет.

Пикир

Оставить комментарий