• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пандемия Кыргызстандын калкынын психологиялык саламаттыгына кандай таасир этти? Сурамжылоонун жыйынтыгы

Ден соолук 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Психикалык ден соолук республикалык борборунун директору Ураимжан Исмаилов Кыргызстанда пандемия учурунда калктын психикалык саламаттыгынын өзгөрүшү боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, министрлик тарабынан пандемия маалында калкка медициналык-психологиялык, психотерапевтикалык жардам көрсөтүү боюнча иш планы бекитилген. Анын ичинде пандемия шартында иштеген медицина кызматкерлеринин психикалык саламаттыгын сактоо боюнча да практикалык көрсөтмөлөр каралган.

"Психикалык жана психиатриялык жардам көрсөткөн уюмдардын тизмеси жана адистердин телефон номерлери бардык сайттарга берилип, алар телефон аркылуу кеңештерин берип келүүдө", - деди ал.

Ал билдиргендей, психикалык саламаттык сактоо адистери Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу долбоору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө катышып, 3 миңге жакын киши сурамжылоого алынган. Ал изилдөөнүн максаты өзгөчө кырдаал учурунда калктын психологиялык абалынын өзгөрүшүн аныктоо болгон.

"Сурамжылоого катышкандардын 73%ынын психологиялык абалынын өзгөрүшү байкалган эмес. 23%ы психикалык саламаттыгында бир аз көйгөйлөр болуп, аны адистердин жардамы менен чечүүгө болорун айтышты. 3%ында саламаттыгынын орточо көйгөйү бар болуп, кесиптик жардамга муктаж экендигин жана адистердин жардамы менен айыгып кетерин аныктадык. Ал эми 0,4%ында психикалык саламаттыгынын олуттуу көйгөйлөрү болушу мүмкүндүгү жана аларга сөзсүз түрдө атайын адистердин жардамы керектиги белгиленди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий