• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пандемия маалында Кыргызстан боюнча 559 миң үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчасы таратылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Пандемия маалында Кыргызстан боюнча 559 миң үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчасы таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталып жаткан Ализа Солтонбекова билдирди.

"Министрлик тарабынан атайын эсеп ачылып 17 млн сом чогултулду. Андан башка бир катар уюмдар менен да биргелешкен иштер жүргүзүлдү. Ал эми пандемия маалында жөлөк пул алууну каалагандардын саны көбөйүүдө. Бул үчүн 2021-жылдын бюджетинен 500 млн сомдун тегерегинде акча каражаты каралды", - деди Ализа Солтонбекова.

Талкуу маалында депутат Осмон Турдумамбетов жөлөк пул алуу маселеси оор экенине токтолуп, аны электрондоштуруу зарылчылыгын көтөрдү.

Өз кезегинде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталып жаткан Ализа Солтонбекова: "Учурда документтерди топтоо жеңилдеген. Бизге кайрылуу гана жетиштүү. Керектүү делген 10 документти өзүбүз камдайбыз. Андан тышкары электрондук түрдө да кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар", - деп жооп берди.

Ал эми депутат Улугбек Садиков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эл менен өтө жакын иштешкен мекеме экенин белгилеп: "Аталган тармакта коррупциялык жагдайлар, мыйзам бузуулар өтө көп. Андыктан тиешелүү ички реформаны ыкчам түрдө жүргүзүү керек", - деген оюн билдирди.

Белгилей кетсек, Ализа Солтонбекованын талапкерлиги алгач Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде, ошондой эле Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде да каралып, жактырылган.

Пикир

Оставить комментарий