• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пандемия маалында ооруканадан тышкаркы пневмониянын келип чыгышына коронавирус себеп болууда - башкы пульмонолог

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Азыркы пандемия шартында ооруканадан тышкаркы пневмониянын келип чыгышына коронавирус себеп болууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында профессор, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымныда, алар эпидемиянын башынан тартып эле пневмония учурларынын баарын коронавирус менен байланышкан пневмония деп карап келишкен.

"Бизде коронавирус жана ооруканадан тышкары пнвемонияны диагностикалоо жана дарылоодо башка-башка ыкмалар болгон жок. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясында ооруканадан тышкары пневмонияны диагностикалоо жана дарылоо жолдору көрсөтүлгөн жана биздин дарыгерлердин баары ал боюнча окуудан өткөн. Ушул күнгө чейин бардык ооруканадан тышкаркы пневмония дарыгерлер тарабынан коронавирустан улам жаралган пневмония деп каралууда жана ал пневмонияны кантип дарылоо боюнча сунуштамалар бар. Азыркы күнгө чейин пневмониясы бар адамдар пневмониясы коронавирус менен байланышкан бейтап катары дарыланып жатат. Эмне үчүн ооруканадан тышкаркы пневмония деп айтыларын түшүндүрүп кетсем, ооруканадан тышкары үй шартында пайда болгон пневмония ооруканадан тышкаркы пневмония деп айтылат. Бирок ал ар кандай себептерден улам келип чыгат. Азыркы пандемия шартында ооруканадан тышкаркы пневмониянын келип чыгышына коронавирус себеп болууда. Ооруканадан тышкаркы пневмония деп жатканыбыз менен аны коронавирустан өзүнчө бөлүп караган жокпуз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий