• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пандемия шартында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны өстү – Асанов

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Өлкөдө пандемия шартында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны өстү. Бул тууралуу бүгүн "COVID-19 пандемиясы учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу комитеттери, жетишкендиктер жана алынган сабактар" конференциясында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Самаган Асанов билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү абдан маанилүү.

Иш-чарага Ысык-Көл, Ош жана Нарын шаарларынан "Жигердүү жарандар" долбоорунун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, бүгүн Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнү. 1981-жылдан бери дүйнө жүзүндөгү активист аялдар 25-ноябрда Зордук-зомбулукка каршы күнүн белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий