• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Пандемия: Тарых эмне дейт?

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Улуу тарыхка таянсак, адамзат баласына бир нече ирет жугуштуу илдет келип, миллиондогон адамдардын өмүрүн жалгаганын көрөбүз. Мисалы, сак-скиф доорунда да жугуштуу илдеттин бар болгондугу тууралуу даректер кездешет.

Б.з.ч. III кылымдарда Скифополь деп аталган шаарды жугуштуу оору жайлаганы тууралуу грек жазууларында баяндалат. Европа гундарынын Италияны таштап чыгуусунун бир себеби да ушундай жугуштуу илдет болгон.

Кытай тарыхнамаларында Ышбара бийлик кылган жылдары Түрк каганатын жапырт ачарчылык жайлап, калк арасында жугуштуу илдет тарагандыгы айтылат. Ошол убакытта түрктөр аш ордуна сөөктү ундай майдалап жегенге аргасыз, мажбур болушту дейт. Ислам тарыхында да калк арасында көптөгөн жугуштуу ооруулардын пайда болуп, аны эмдөө жана алдын алуу чаралары тууралуу хадистер сакталганы белгилүү.

Жалпы адамзат тарыхында эзелки доорлордон азыркы убакытка чейин пандемияга тушуккан үч учуру болгон.

Алардын алгачкысы – б.з. 541-жылы башталган жана “Юстиниан пандемиясы” аты менен белгилүү болгон илдет. Экинчиси, 1330-жылдары жайылып, бир топ жылдар бою уланып, XIX кылымдын ортосуна чейин жалгашкан “кара өлүм” деп аталган пандемия.

Ал эми “Бомбай пандемиясы” (азыркы Бумбаи шаарынын аты) деп аталган үчүнчү эпидемия XIX кылымдын экинчи жарымында Түштүк-Чыгыш Азиядан чыгып, бүткүл ааламга тарады жана XX кылымдын ортосуна чейин созулду.

Юстиниан пандемиясы 541-жылдан 750-жылга чейин созулуп, анын салдарынан 50 миллиондон астам адам кайтыш болгон, жугуштуу илдеттин катуу өөрчүгөн учурунда күнүнө миңдеген адамдар көз жумган. Бул тууралуу белгилүү византиялык тарыхчы Прокопий Кесарский мындай деп жазыптыр: “Бул пандемия илдетинен кутула албады, үңкүр менен аралга, тоо менен ташка качкандар да... Көптөгөн үйлөр каңгырап калды. Соода-сатык токтоп, бардык усталар, чеберлер өнөрканасын таштап кетти”.

Орто кылымдардагы экинчи ааламдык пандемия катары саналган апаат илдеттин бири – “Бубон пандемиясы”, же “кара өлүм” деп аталды. Арап даректеринде “кара өлүм” пандемиясы менен ооруган адамдар үч күн ичинде кайтыш боло тургандыгы жана өлгөндөн кийин денеси карарып кете тургандыгы жазылган.

Америкалык изилдөөчү В.Макнилланын пикиринче, Евразия материгин толук камтыган бул илдет 1331-жылы Түндүк Кытайдагы Хубей провинциясында жайылуу чегине жетип, Түштүк Кытай, Жунгария, Монголия менен Манжурияга чейин жайылган.

Бир нече жылдан кийин, 1338-1339-жылдары Ысык-Көл өрөөнүндө да катталып, 1341-1342-жылдары Өзбек хан тушундагы Алтын-Ордо – Улуу Улус Даласына жеткен деген пикирлер бар.

Орто кылымдардагы жылнамаларда аталган илдет Ордонун Эдилден Кавказга, Сохатадан (Эски Кырым шаары) Хорезмге чейин таралып, ар күнү миңдеген өлүктөр көмүлгөндүгү жазылган. Археологдордун изилдөөлөрүнө караганда, ушул илдеттин залдарынан Улуу Улус шаарлары ээсиз калып, жашоолорун токтоткон экен. Орто Азиядагы көптөгөн шаарлардын да каңгырап бош калгандыгынын себеби да ушу пандемия илдети болсо керек.

Алтын-Ордо – Улуу Улус территориясындагы пандемия оорусунун очоктору Кавказ аймагы, Каспий өрөөнү менен Эдил-Урал талааларынын жайыктары болгон. XIV кылымдын ортосунда абдан өөрчүгөн бул илдеттин Орто Азияга таралышынын бир себеби – климаттын өзгөрүүсү, ар түрдүү кемирүүчүлөрдүн (чычкан, суур ж.б.) жалпы жер оодаруусу, кургакчылык, ары катаал табигат менен эгин-тегиндин жетишсиздиги таасир эткен дешке болот.

Белгилүү түрколог Юлай Шамилоглунун пикиринче, пандемия оорусу Жучу Улусунун аймагында бир нече марта болгон: алгач ирет 1345 – 1346-жылдары күчөп барып, кийин 1364-, 1374-, 1396-жылдары кайта кайталанып, апаатка учураткан. 1346-жылы пандемия илдети Улук Улус бийлөөчүлөрү Өзбек хан менен Жаныбек хан тушунда катуу өөрчүгөн. Бул жылдары пандемиядан адам чыгымы болгону менен илдет Улук Улустун мамлекеттик түзүлүшүнө анчалык терс таасирин тийгизбеген. Дал ушул кезеңде ордонун борборун Сарай-Батудан Сарай-Беркеге алмаштыруу болбосо керек. Ал эми 1372-жылкы пандемия илдети Улук Улустун бардык аймагына тарап, ага жайдын өзгөчө ысыгы менен кыштын узакка созулуусу кошулуп, мал-жан кырылып, аягы улуу жутка айланган. Бул жылдары Улук Улус үчүн оор жылдар болду. Залдарынан бүткүл Евразияны каптаган “кара өлүм” пандемиясынын экинчи жана үчүнчү толкундары Улук Улустун этникалык курамына, саясий-экономикалык абалына, карамагындагы ээликтердин ыкыбалына, шаарлардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизди.

1440 – 1470-жылдардагы пандемия илдетинен кийин Улук Улус начарлай баштады. Дал ушул учурда саясий үстөмдүгү алсырап, Москва княздыгы, Кырым, Казан жана Сибирь хандыктарынын курулушуна жол ачты. Ошондойчо, пандемия илдетинин залдарынан тарых дөңгөлөгү тескери айланып, Улус карамагындагы ээликтер менен уруу-тайпалар биримдиктери жеке хандык болуп чыгуусуна себеп болду.

Арап жылнамачысы Ал-Айни жер жүзүн жайпаган бул илдетти мындайча сыпаттаган: “749-жылы Халеб, Сирия жана Египет жерлерине таралган пандемия илдети 750-жылга чейин жалгашты. Дарт жуктурган адамдар кан кусуп, үй-жайларынан безип кетти. Мисир менен Каирде бир күндө 20 миң, Халебте 5 миң, Шамда миңдеген адамдар, же калктын 2/3си кырылып калды. Калк бул илдетти “улуу жут” деп атады”. Кээ бир жылнамаларда бир күндө 900 миңге жуук адам кайтыш болгон дейт. Болжол боюнча “кара өлүм” пандемиясынан 200 миллионго жуук адам кайтыш болгон экен.

Узак жылдарга созулган илдеттин залдары дүйнөлүк экономика менен саясаттын өзгөрүүсүнө абдан чоң түрткү болду. Соңку жылдары илимий ортомдо “кара өлүм” пандемиясынын экономика менен коомдун өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу жаңыдан байкоолор жасалды.

Бул тууралуу Чыгыш, Кытай жана Батыш Европага байланыштуу таяна турган изилдөө натыйжалары алынганы менен, ал пандемиянын негизги очокторунун бири саналган Жучу улусунун территориясы тышта калып келет дешет изилдөөчүлөр.

Деген менен, Йоханнес Краузе баштаган изилдөөчүлөр тобу пандемиянын пайда болуусу менен таралып кетиши тууралуу Барселона, Булгар жана Эльванген шаарларындагы орто кылымдардагы көрүстөндөрдөн алынган артефактыларга радиокөмүртектүү комплекстүү талдоо жасап, натыйжасында Барселонада (1300 – 1420), Булгарда (1298 – 1388), Эльвангенде (1486 – 1627) пандемия илдети таралган жерлер экендиги аныкталып отурат.

Ушул жагдайга байланыштуу далай ооруну баштан өткөргөн казак калкы да “жут жети айланды” деп, пандемияны чечек сыяктуу жаман оорулардын бири катары эсептеп, алар тууралуу жөнсүз сөз козгоодон качкандыгын айтуу керек.

Окумуштуулар Евразиядагы “кара өлүм” пандемиясын дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү менен тикелей байланыштуу пайда болгондугун баамдашат. Изилдөөчө Кэмпбеллдин маалымдашынча, аталган илдет алгач ирет Цинхай-Тибет тоолуу аймагында кемирүүчүлөрдөн адамдарга жуккан. Бир аз жылдардан кийин Европага өткөн.

"Кара өлүм” пандемиясынын Орто Азия кеңдигинде таралганы жөнүндө тарыхый даректерде сакталган. Ысык-Көл ойдуңундагы эпитафиялык эстеликтердин биринде: “Мында Кутулук көмүлгөн. Ал ханышасы экөө пандемиядан кайтыш болгон” деп жазылган.

Археолог окумуштуу Д. Хвольсон Ысык-Көл ойдуңундагы 200гө жакын эстеликтерди изилдөөдө 1338 – 1339-жылдарга таандык 72 кабырдагы адамдардын эстеликтери пандемиядан өлгөндөргө коюлган деген пикирге келген. Ошону менен катар эле Түндүк Кавказ менен Эдил (Волга) алабында коюлган эстелик таштар пандемия илдетинен кайтыш болгондорго арналган деген пикирлер бар.

Пандемия сыяктуу абдан жугуштуу илдеттердин негизги таратуучусу адам факторлору. Тактап айтканда, соода-сатык сыяктуу карым-катыш түрлөрү оорунун таралып, өөрчүп кетишине тикелей таасир эткен. Маселен, Кытайдын түндүк тарабында пайда болгон “кара өлүм” пандемиясы башында суур ж.б. сыяктуу кемирүүчүлөрдөн жугуп, Улуу жибек жолу аркылуу Европага таралды деген да пикир бар. Европа калкынын үчтөн бир бөлүгүн аталган илдет жалмаган. Жакынкы Азия жана Жер Ортолук деңизинин жээктерине чейин жетип, адамдар аркылуу ички аймактарга жайылган.

Осмон империясы учурунда да калк арасында көптөгөн пандемия илдети таралып, асыресе “кара өлүм” оорусу күчөгөн. Экинчи Осмон султаны Орхон Гази Бурсада ушул оорудан каза болгон деген даректер бар.

Фатих Султан Мехметтин жугуштуу илдеттин залдарынан улам Стамбулдан чыгып, Балкан шаарларын биринин артынан бирин басып алуу пандемиядан кутулуунун бир амалы болгон дешет.

Ал эми чын мааниде, Константинополь 1361 – 62-жылдары пандемиянын очогу болгон. Кээ бир маалыматтарда пандемиянын жайылуусуна аскер чабуулдарынын таасир эткени жазылган.

Осмон империясынын 1453 – 1600-жылдардагы жоруктары пандемия илдетин жайылткан.

Башкача айтканда, урбанизация жагдайы эпидемиялык оорулардын жайылышына жакшы жагдай болгон.

Осмон империясынын илдетке каршы күрөшүүсүндө XVI кылымдын өзүндө карантиндик тажырыйбаны кездештирүүгө болот. Мисалы, пандемия очогу болгон Стамбул жети жыл бою обочолондурулган.

Документтерде 1501-жылкы пандемия илдетинде шаар калкынын ¼ бөлүгү, башкача айтканда, болжол менен 25 000 адам кайтыш болгон. 1592- жана 1648-жылдар аралыгында пандемиядан күн сайын адам кырылып турган. Осмон империясынын эң күчтүү кезеңинде, Сафавилер менен Бабур мамлекеттеринин өнүккөн, кубаттуу чагында XVI кылымда соода жолдорунун башталышы менен коопсуздугун артырууну камсыз этүүчү жаңы аймактар менен коммуникациялык байланыштардын, жолдордун курулуу менен пандемиянын мурункуга караганда оорунун жайылышы дагы кеңейгендигин байкалган. XVII кылымдын аягынан баштап Батыш Европада пандемиядан кооптонуу аздап сейректешсе деле, Осмонлы географиясында соода жолдору аркылуу тарала берген. Измир, Алеппо жана Салоники сыяктуу соода борборлору, асыресе баш калаасы Стамбул пандемия илдетине байланыштуу чоң чыгымдарга учураган. 1830-жылы ишке ашырыла баштаган карантиндик чаралар натыйжасында пандемия ооруусу жайылышы байкоого алынып, илдет мурункудай болбой азайган.

Натыйжада, эң башкысы, пандемияга караганда кооптуу дагы бир башка жугуштуу оору – тырышкак ошо кезеңде ааламдык коркунучка айланган.

Индияда жергиликтүү сыяктанган тырышкак оорусу 1817-жылдан баштап Азия, Африка, Европа жана Америкага тез тарап, кылымдын пандемиясына айланган.

Осмон элинде бир тутанган оору очогу түрдүүчө жалгашып, кээде 50 чейин созулган. Мындагы эпидемиялык оорулар XIX кылымдын соңуна чейин канча адамдын өмүрүн кыйганын болжоо мүмкүн эмес. Бул үрөйдү учурган коркунучтуу илдет менен бирге Европанын көптөгөн баалуулуктары өзгөргөн.

Европада пандемия илдети аяктап калганда алар наадандыкты таштап, чыгышка жүзүн бурушуп, Ибн Сина сыяктуу уламаларды окуй баштаган.

Айтылуу Ибн Синанын “Канун” китебиндеги алапес, кычыткы, чечек, туберкулёз сыяктуу оорулардын жугуштуу экендигин аныктап, коргонуу үчүн карантин режими сунушталганы белгилүү.

Ушунун аркасында Батышта илим менен медицина тез өнүккөн. Ал эми Улукбек сыяктуу улама башчыларын өлтүргөн Чыгышта, тескерисинче, наадандык өөрчүп, караңгылыктын кучагында кала берген.

Азыр да аалам, жер шары жаңы илдет менен бетме-бет келди. Көптөгөн кундуулуктар, баалуулуктар өзгөрүүдө. Ушул жагдайда Казакстан Президентинин илим менен медицина тармагына өзгөчө көңүл бурганы кубантат. Ушул илдеттен корутунду чыгарып, элибизде ата-мекендик илимди өнүктүрүүгө, анын ичинде медицина тармагын өркүндөтүүгө мүмкүндүк туулат деп үмүттөнөбүз.

Дархан Кыдырали

Тарых илимдеринин доктору, профессор,

Казакстан Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.

Макала "Эгемен Казакстан” гезитинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий