• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пандемия учурунда Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагында иштеген ишкерлердин 20%ы банкрот болду

Экономика 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. COVID-19 пандемиясы жана карантин учурунда Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайларда иштеген ишкерлердин 20%ы банкрот болду. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифинг учурунда "Хорека клуб" ассоциациясынын директору Гүлзат Райымбекова билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда көптөгөн ишканалар жапа чеккен.

"Ресторан бизнеси кирешелүү деген пикирлер бар, бирок андай эмес. Бизнестин кирешелүүлүгү болгону 15%, анын 8%ы азыр салыкка төлөнүшү керек. Биз өз ара ыңгайлуу шарттарды түзүүнү суранабыз", - деди директор.

Эскерте кетсек, өткөн айда салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирген, ага ылайык, коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү 8% өлчөмүндө салык төлөшү керек.

Пикир

Оставить комментарий