• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Пандемияда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшү иликтенет. Комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Коронавирус жайылган учурда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, комиссия 30 адамдан турат. Курамында эки депутат бар.

"Комиссия 10 күн аралыгында коронавирус жайылган учурда өлкөгө келген жардамдарды иликтөөнүн үстүнөн иштейт", - дейт ал.

Сурабалдиева бул маселе боюнча ызы-чуу болушун четке каккан жок.

Пикир

Оставить комментарий