• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пандемиядан улам Тажикстандын жүк жана жүргүнчү ташуу тармагына $26 млн түшпөй калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам Тажикстандын жүк жана жүргүнчү ташуу тармагына 300 миллион сомони (26,3 миллион доллар) түшпөй калды. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт министрлиги билдирди.

Мекеме жетекчиси Азим Иброхим 3-февралда маалымат жыйынын өткөрүп, Тажикстан поезд менен эл аралык жүргүнчү ташуу каттамдарын калыбына келтирүүгө даяр экенин, бирок Россияда «коронавирус менен ооругандар көп болгондуктан», мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Буга чейин тажик бийлиги пандемия өлкө экономикасына 2 миллиард доллардан ашык зыян келтиргенин, бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн экенин кабарлаган.

Пандемия маалында Россиядагы миңдеген тажикстандык жаран мекенине келе албай кыйналган. Айрымдары чартердик каттамдар менен келсе, башкалары поезд жана автобус каттамдарынын калыбына келишин күтүп калышкан.

Пикир

Оставить комментарий