• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын Кайгуул кызматында бир кызматкер иштөөдө деген маалымат чындыкка дал келбейт

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Ош шаарынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө (ЖКККБ) бир эле кызматкерлер иштөөдө деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, учурда Ош шаарынын ЖКККБда штаттык режимде 27 кызматкер иштеп жатат.

"Социалдык тармактарда Ош шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө пандемияга байланыштуу бир эле кызматкер иштеп жаткандыгы тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Урматтуу жарандар, жалган маалыматтарды таратпоону жана расмий маалыматтарды гана пайдаланууну суранабыз", - деп айтылат ЖКККББнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий