• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Панфилов райондук милициясы коронавирустун жайылуусун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Панфилов районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район аймагында жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал режими учурунда Панфилов районунун аймагында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте көчөлөрдү кыдырышып, коомдук жайларда, соода түйүндөрдө жарандар менен жолугушуп, ооруудан сактануу чараларын эскертишип, соода түйүндөрдө тазалыкты сактап, дизинфекциялоо жумуштарын жүргүзүп турууга чакырышты.

“Себепсиз көчөгө чыкпай, үйдө болуп тазалыкты сактаганыбыз, өзгөчө кырдаал режимин бузбаганыбыз жугуштуу илдетти алдын алууга кошкон ар бирибиздин салымыбыз экендигин жергиликтүү тургундарга жеткирилүүдө. Панфилов райондук милициясынын кызматкерлери үчүн дарыгерлер тарабынан илдетти алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери уюштурулуп, ички иштер органдарынын имараттарында дизинфекциялоо жумуштары тынымсыз улантылууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий