• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Панфилов райондук милициясы кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Панфилов райондук милициясы кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-14-март күндөрү Панфилов РИИБинин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен мал уурулугун алдын алуу, курал жарактарды мыйзамсыз сактоо жана башка кылмыштуулукту болтурбоо үчүн жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чарага 30дан ашуун кызматкер катышып, айыл тургундары менен жолугушуулар уюштурулуп, аларга кылмыштуулук жана тартип бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштри жүргүзүлдү. Андан сырткары 36 мергенчиликти сүйүүчүлөр текшерилип, эрежелерди бузуу боюнча 3 факты аныкталды. Алдын алуу иш-чара учурунда буга чейин Панфилов РИИБинин кызматкерлери тарабынан каттоого алынган жарандар менен жолугушуулар болуп, алдын алуу багытындагы кеңештер берилди.

Мал уурулук фактылары тууралуу жергиликтүү тургундарга жана мал кармаган сарайлардын ээлерине айтылып, андай окуяларга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жолугушуу учурунда кылмыштуулукту алдын алуу боюнча эскертме баракчалар таркатылды.

Пикир

Оставить комментарий