Панфилов району: 14 мектеп оңдолуп, 4 бала бакча ачылган

Аймак 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Жаңы окуу жылына карата Панфилов районунда 26 мектептин 14түндө капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөнүн Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

14 мектептин 6сынын ашканасында капиталдык ремонт жасалды. Бир компьютердик класс заманбап жабдыктар менен камсыз болду – 28 компьютер, сканер жана 2 принтер.

Мындан сырткары, аталган райондо өткөн окуу жылында 4 бала бакча ачылган.

Курама айыл аймагы жана Кайыңды шаарындагы Орто айыл аймагындагы жаш мугалимдери убактылуу турак-жай менен камсыздалган жана коммуналдык төлөмдөргө да жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий