• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Панфилов районунда 25 жаштагы Жеңишбек изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунда дайынсыз жоголгон 25 жаштагы Жеңишбек Касымбеков изделүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Касымбеков 14-сентябрда саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, чачы кыска жана кара, көзү күрөң.

Кийими: көк түстөгү футболка, кара түстөгү шорта жана көк түстөгү жайкы бут кийим.

"Кимдир бирөө Жеңишбек Касымбековдун кайда экендигин же издөөгө көмөктөшө турган маалыматтарга ээ болсо 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 00 18, 0555 01 30 00, 0312 60 79 89; 03137 51402 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий