• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Панфилов районунда чагымчыл маалыматтарды таратууга шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Панфилов районунда чагымчыл маалыматтарды таратууга шектүү 2 аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-май күнү милиция кызматкерлери тарабынан «Вотсап» группаларда таркап жаткан маалыматтар алынган. Анда белгисиз аял Чалдовар айылындагы Таджикстан Республикасынын жарандарына карата чагымчыл сөздөрдү айтканы аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Социалдык түйүндөр аркылуу таркаган үн жазууга тиешелүү экспертиза дайындалып, экспертизанын жыйынтыгы менен аталган билдирүүдө улуттар аралык кастыкты козутууга чакырык бар экендиги такталган.

Анын негизинде катталган материал КРнын Жазык кодексинин 313-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) өткөрүлүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

Үн жаздырып таркаткан аялдын өздүгүн аныктоо максатында Чүй облусунун ИИББнын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Панфилов РИИБдин кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жургүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы фактыга шектелип 1998-жылы туулган Г.Н. жана 2001-жылы туулган К.Н. аттуу жарандар кармылышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий