• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Панфилов районунда милиция, жергиликтүү бийлик органдары жарандар менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Чүйдүн Кайыңды шаарындагы №1 орто мектебинде 22-декабрда Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, райондук милициясынын башчысы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жер-жерлердеги мындай жолгушуулардын максаты — жашоочулардын социалдык жана башка маселелери боюнча көйгөйлөрүн талкуулоо, аларды чечүү жана жарандардын кайрылууларын кабыл алуу, ошондой эле мамлекеттик кызматтардын эффективдүү иш алып баруусуна багытталган.

Жолугушуу учурунда жер тилкелери, ичүүчү жана суугат суу, жол коопсуздугу, улут аралык ынтымакты чыңдоого байланыштуу суроолордун айланасында талкуулар болуп, ар бир көтөрүлгөн маселелер жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынып, жеринде тиешелүү суроолорго жооптор берилди.

Панфилов райондук милициясынын башчысы эл алдында милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу баяндама берип, жыңы ишке киргизилген кодекстер боюнча түшүндүрмө берип өттү.

Пикир

Оставить комментарий