• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Панфилов районунда милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Панфилов районунда милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде Панфилов РИИБнин жетекчилиги, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте милициянын көчмө кабылдама автоунаасы менен алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Бул жолу Чалдовар айылынан жүк ташуучу айдоочулар менен жолугушуп, жол эрежелерин бузбоо жана айыл арасынан ылдамдык сактоо менен жүрүүнү эскертишти.

Андан сырткары көчөлөрдө, көлмөлөрдүн жээгинде ойноп жүрүшкөн жаш өспүрүмдөр менен жолугуп, аларга жолдон өтүп жатканда коопсуздукту сактоону жана башка алдын алуу эрежелерин эскертишти.

Панфилов районунда алдын алуу иш-чаралары түзүлгөн графиктин негизинде тынымсыз улантылууда.

Жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууларда милиция кызматына же башка мамлекеттик кызматтарга болгон суроолорго убагында жоопторду алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканын жергиликтүү тургундар билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий