• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Панфилов районунда милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдама унаасы менен жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды улантышууда.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 26-январда Панфилов райондук милициясынын башчысы Деңиз Аманов милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Чалдовар айылынын жашоочулары менен жолугушту. Аталган иш-чарага 50дөн ашуун жергиликтүү жашоочулар катышып, өз көйгөйлөрү менен бөлүшүштү. Мындай жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин баары кабыл алынып, тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүүдө.

Ошол эле иш-чарада Чалдовар айылындагы орто мектептерде жолугушуулар болуп, милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана социалдык кызматкерлер окуучуларга кылмыштуулукту, зордук-зомбулуктарды жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча лекцияларды окушту.

Панфилов районунун айылдарына атайын түзүлгөн графиктин негизинде милициянын көчмө кабылдама унаасы жолугушууга чыгууда. Жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, алардын чечүү жолдорун жергиликтүү тургундарга жеткирүү иш-чараларына райондун акими Эмир Аманкулов катышып келет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 7-январь күнү Ички иштер министрлиги тарабынан Чүй облусунун Панфилов жана Аламүдүн райондоруна милициянын көчмө кабылдамасы катары пайдалануу үчүн жабдылган автоунаалар берилген. Алар 8-январдан тарта өз милдеттерин аткарууга киришкен.

Пикир

Оставить комментарий