• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Панфилов районунда мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган унаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунда мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын(ЭККМК) жана Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) кызматкерлери “Чалдыбар унаа жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан өкмөттүн өлкөнүн аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан фактысын аныкташты.

Кечээ, 21-январда Панфилов районунун аймагынан тийиштүү документтери жок, жүгү 1000 литрге жакын, жыты бар суюктук толтурулган челеги менен “Форд Транзит” үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Азыркы учурда аталган унаа бардык жагдайларды териштиргенге чейин айып короого киргизилди.

ЭККМК ушундай фактыларды жалпы республика боюнча тийиштүү аныктоо иш-чараларын улантып жатат.

Муну менен бирге, ЭККМК мурун мыйзамсыз жол менен ташылган күйүүчү-майлоочу материалдарды аныктоо, ошондой эле аны шек жараткан түйүндөрдө (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) сатууну токтотуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий