• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Панфилов районунда окуучулар арасында түшүндүрүү иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунда окуучулар арасында түшүндүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Панфилов райондук ИИБнин көчмө кабылдама унаасы район аймагындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул жолу Панфилов РИИБнин кызматкерлери райондук билим берүү өкүлдөрү, социалдык өнүктүрүү кызматкерлери менен биргеликте Панфилов районунун аймагындагы орто мектептерде окуучуларга өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, интернет көп колдонуунун өспүрүмдөргө тийгизген терс таасирлери тууралуу лекцияларды окушту.

Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууларда убакытты социалдык түйүндөрдө өткөрбөй сабактарды мыкты окуу, спорт менен машыгуу өз учурунда ийгиликтерге жеткирерин айтышып, окуучуларды терс жолдорго барбоого чакырышты.

Окуучулар тарабынан ар түрлүү суроолор берилип, тиешелүү жоопторду алууга мүмкүнчүлүк болду. Мындан ары да мектептерде жана коомдук жайларда мындай алдын алуу иштери улантылып турары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий