• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Панфилов районунда өрттөнүп кеткен вагондо 43 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.17. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунда 23 чарчы метр курулуш вагону күйүп, ичинде 43 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тилебалиев көчөсүндөгү №191 дарегинде өрт болуп жаткандыгы тууралуу “101” кызматына саат 19:42де билдирүү түшкөн. Өрт өчүрүү үчүн бир куткаруу бөлүмү келген.

“Өрт кечки саат 22:38 чамасында толугу менен өчүрүлгөн. Кырсык болгон жерде 43 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий