• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Панфилов районунда жеңил унаа күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.17. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын Октябрдын 60 жылдык көчөсүндө унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 06:56да КР ӨКМнин Панфилов райондук №2 өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Өрт саат 09.05те толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий