• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Панфилов районунда жетим балдарга үй куруп берилет

Коом 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Панфилов райондук прокуратурасынын алып барган иш жыйынтыгы менен жетим балдарга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясында, Панфилов районунун эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүндө жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укуктарын камсыз кылуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо жаатында мыйзамдардын аткарылышын текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын наамына мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш жана Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын наамына талап келтирилген. Аталган прокурордук актылардын жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 4 жетим балага жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Прокурордук актылардын негизинде райондук прокуратура жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык органдын бөлүмү тыгыз алып-барылган иш-чаралардын негизинде чет өлкөлөрдөн келген демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен жогоруда аталган жер тилкелеринде жетим балдарга турак жай куруп берүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий