• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Панфилов районунда жоголгон балдар Бишкектен табылды

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Панфилов районунда жоголгон жашы жете элек эки баланы табышты.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн болжол менен саат 8:40 тарда Панфилов райондук ички иштер органына жергиликтүү жашоочу арызы менен кайрылып, 2021-жылы 19-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 2004-жылы жана 2003-жылы туулган эки баласын издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөнү маалымдалган.

Маалыматка ылайык, Панфилов районунун милиция кызматкерлеринин дыкат иштеринин натыйжасында, бүгүн саат 17:00 чамасында балдар Бишкек шаарындагы Ош базарында табылган.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери Панфилов районундук ИИОдо мындай иштердин кайталанбашы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ата-энесине кайтарып берүү аракетин көрүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий