• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Панфилов районунун Кум-Арык айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.01.22./Кабар/. Бүгүн, 13-январда Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кум-Арык айылында 50 орундуу бала бакчаны ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Бала бакча АРИСтин “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору тарабынан курулган.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Маил Алиаскаров, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев жана айыл тургундары катышты.

Бала бакчанын аянты 576 чарчы метрди түзүп, ал бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен жабдылган.

Объекттин жалпы наркы 22 425 510 сомду түздү. Анын ичинен донордун салымы - 21 742 766 сом, айыл өкмөттүн салымы - 682 745 сом.

Пикир

Оставить комментарий