• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Паника жок, дарыгерлер жана бейтаптар өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууда – Ноокаттагы оорукананын директору

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө оорукана, медициналык персонал жеке коргоочу каражаттарга, дары-дармектерге, медициналык багыттагы жабдыктарга муктаждыкты сезген жок. Бул тууралуу Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов билдирди.

Мариповдун маалыматына караганда, анын ооруканасында Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп кислород менен камсыз кылуучу жаңы система киргизилген, концентраттар керектүү көлөмгө туруштук бере албагандыктан, учурда аталган система менен бардык стационардык бөлүм жабдылган.

«Коронавирус жуктурган бейтаптарга жардам берүү бир жолго коюлду, инфекциянын очогунда 45 кызматкер иштеп жатат. Сандар күндөн-күнгө өзгөрүүдө, бирок биз иштеп жатабыз. Учурда мурдагыдай өзүн жоготуу сезимдери жок, элдер да өздөрүнө сак болуп, жоопкерчиликтүү мамиле кыла баштады. Дарыгерлер арасында да бейтаптар арасындагы да паника жок, ар бири өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу керектигин түшүнүп жатат: дарыгерлер текшерип, дарылоо керектигин, ал эми бейтаптар жана алар менен байланышта болгондор - ар бир айтылган кеп-кеңештерди жана эрежелерди кармануу керектигин. Илдеттин очогунда иштеп жаткан кызматкерлерге кызыктырууч эмгек акы төлөнөт деп үмүт кылабыз, анткени, бизде андан башка стимул же мотивация жок», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий