• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министр Панкратов, Кудайбердиева, дагы башка 8 жетекчиге сөгүш жарыяланды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле мамлекеттик администрацияларынын айрым жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 25 жана 26-пункттарына ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн:

- Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага;

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбеку уулу Шумкарбекке;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Рахат Исаковага;

- Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Ниязбек Козуевге;

- Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовго сөгүш жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий