• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Панкратов: Кыргызстандын ИДПнын 40 пайызын кичи жана орто бизнес түзөт

Экономика 0

Бишкек, 20.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 40 пайызын кичи жана орто бизнес түзөт. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов республиканын ишкерлерин кесиптик майрамы – Ишкерлер күнү менен куттуктап жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан рыноктук экономика менен көз карандысыз өлкө болуп турганда ишкерлер – Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнүн ачкычы. Ишкердик – өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн локомотиви жана үстүндө экономика курулуп жаткан пайдубал. Кичи жана орто бизнестерден улам жумушчу орундар түзүлүүдө, калктын стабилдүү кирешеси жана Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 40 пайызга жакыны камсыздалууда. Ири ишкердик өлкөнүн экономикасында экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарын жана пропорцияларын алдын ала аныктаган маанилүү курулуш звеносу болуп эсептелет.

Панкратов ишкерлер өлкөдөгү инновациялардын өнүгүшүнө түрткү болуп, жаңы технологияларды киргизип жатканын кошумчалады. Жаңы долбоорлор ишке берилип, экономикага оң таасирин тийгизген гана эмес, калктын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулаткан жаңы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түзүлүп жатат. Товарлардын сапаты жакшырып, керектөөчүлөр үчүн тандоо кеңейүүдө.

Министр ишкердик жогорку квалификацияланган адистерге болгон талапты пайда кыларын жана эмгек рыногун стимулдаштырарын эскертти. Ошондой эле өзүнүн өндүрүшүн экспорттогон ишкерлерден улам өлкөнүн имиджи жакшырып, Кыргызстан тууралуу дүйнөлүк рыноктордогу керектөөчүлөр билип жатышат.

“Экономика министрлиги дайыма диалогго ачык, ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого жана бизнес-коомчулуктарын кызыктырган бардык маселелер боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр”, - деди Панкратов.

Пикир

Оставить комментарий