• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Панкратов: Жашыл экономика – бул узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүү үчүн негизги платформа

Экономика 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Жашыл экономика – узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүү үчүн негизги платформа. Бул тууралуу “Жашыл экономика” форумунда экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук экономиканы жашылдандыруу жана туруктуу өнүгүүгө карай кыймылды тездетүүдө. Себеби дүйнөдө көмүрсуутектин түгөнүү процесси болууда, дүйнөлүк коомчулук планетадагы экологиялык кризиске күбө болуп жатат

“Кыргызстан глобалдык дүйнөдөн тышкары эмес. Кыргызстан үчүн экономиканы жашылдандыруу КРнын узак мөөнөттүү келечекте туруктуу өнүгүүсү үчүн перспективдүү багыт”, - деди ал.

Панкратов белгилегендей, өлкөнүн өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү вектору бүгүнкү күндө түзүлгөн экономикалык базага негизделет.

Пикир

Оставить комментарий