• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Панкратов: Жыл соңуна дейре экономикалык өсүш 102,8% кем эмес көрсөткүчкө ээ болушу керек

Экономика 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында 2018-жылдын соңуна дейре күтүлүүчү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматты берди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын-ала маалыматтары боюнча, 2018-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен ИДП реалдуу өсүш темпи 99,8 % түздү.

«Кумтөрдү эсепке албаганда, ИДП реалдуу өсүш темпи 102,2 % түздү. ИДП көлөмүнүн өсүү темпине геосаясаттагы чыңалуу жана фондулук рыноктогу белгисиздик, анын ичинде дүйнөлүк соода жүгүртүүнүн төмөндөшү, Кыргыз Республикасынын негизги стратегиялык өнөктөшү – Россия Федерациясына карата санкциялар кандайдыр-бир деңгээлдеги өз таасирин тийгизди», - деп белгиледи ал.

Экономика министри билдиргендей, экономикалык өнүгүү боюнча түзүлгөн кырдаал күтүлүп жаткан болжолдуу көрсөткүчтөрдүн чегинде болууда.

«Экономикалык өсүштүн төмөндөшү негизинен Кумтөр кениндеги алтын өндүрүү цикли менен шартталган, анда өндүрүштүк планда 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында өндүрүштү кыскартуу каралган, ошондой эле быйылкы жылы алтындын негизги көлөмү 2018-жылдын төртүнчү кварталында өндүрүлүшү менен түшүндүрүлөт. Болжолдоодо бул фактор ириде эске алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнүүдө», - дедеи Олег Панкратов.

Экономика министрлигинин башчысы белгилегендей, отчеттук мезгилдеги экономикалык өсүштүн басаңдашынын негизги себеби катары улуттук экономиканын Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн жогорку деңгээлдеги көзкарандылыгы эсептелет.

«Кумтөр кениндеги алтын өндүрүү кескин кыскарууда жана 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алтын 2017-жылга салыштырмалуу азыраак өндүрүлөт. Бирок буга карабастан, экономикалык өсүш 102,8% түзүшү керек. Ошого карабастан, экономиканын айрым секторундагы жалпы терс динамикага карабастан, биз оңдуу натыйжаларга жетиштик. Тактап айтканда, айыл чарба тармагында өсүш – 102,1%, курулушта – 106,4%, соодада – 104,3%, тейлөө тармагында – 106,3% түздү. Өнөр жай тармагында тамак ашты иштетүүдө – 105,2%, текстиль тармагында – 121,9% жана мунай продуктусун өндүрүүдө 132,7% өсүш орун алган», - деди министр.

Экономика министри Олег Панкратов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жыл соңуна дейре экономикалык өсүштү 102,8% кем эмес көрсөткүчтө камсыздоо милдети турат.

«Кумтөрдүн алтын өндүрүү боюнча пландык көрсөткүчтөрүнө жетишүү аркылуу аталган милдеттер аткарылышы керек», - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий