• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:20да издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-августунда болжол менен саат 22:13 чамасында Папан суу сактагычына 1980-жылкы Ю.А., аттуу эркек киши түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий