• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактык бөлүмүнүн улук инспектору «М.А.С.» кармалды.

Такталгандай, Эсептөө палатасынын инспектору «М.А.С.» Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдарынын биринин башчысынан 60 миң сом акча каражатын алган.

Кармалган «М.А.С.» Нарын шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий