• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пара алууга айыпталган Башкы прокуратура кызматкери камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Башкы прокуратуранын пара алууга айыпталган кызматкери тергөө аягына чейин камакка алынды.

МУКК басма сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын 21-апрелинде пара алуу фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоолорду жана соттордо өкүлчүлүктөрдү колдоо боюнча башкармалыктын начальниги Ч.У. КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-1-беренеси (Пара алуу) боюнча айыбы угузулду.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Ч.У карата тергөө аягына чейин МУКК ТКЖ камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын карады.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий