• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

$45 миң. Бишкек мэриясынын башкармалык башчысынын орун басары пара алууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ башчысынын орун басары У.У.К. тарабынан КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң АКШ доллары акча каражатын опузалап алуу фактысы аныкталды.

2021-жылдын 6-декабрында бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, У.У.К. КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий