• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пара талап кылган. Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кечээ, 9-сентябрда КР УКМК КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИББнин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери милициянын майору «Д.М.К.ны» кармады.

Маалыматка ылайык, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери милициянын майору «Д.М.К.» алдамчылык кылды деп жоопко тартуу тууралуу коркутуу менен, Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну "А.Ш.А" аттуу жарандан улуттук элементтерден жасалган кымбат баалуу сувенир жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган адам тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды андан ары ишке ашыруу үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий