• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пара талап кылуу фактысы боюнча УКМКнын "алдамчы кызматкери" кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) "алдамчы кызматкери" кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан иш-чаранын алкагында, акча талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын УКМКнын КККнын кызматкеримин деген “Т.С.К.” аттуу "алдамчы кызматкер" кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган "Т.С.К." Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Эгерде аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо, КР УКМКнын Нарын облусундагы ишеним телефону (03522) 50849 кайрылыңыздар болот", - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий