• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Паралимпиадачылар пауэрлифтинг боюнча лицензиялык дүйнө кубогуна даярданууда

Спорт 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Лицензиялык мелдешке даярдык көрүү максатында пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын курамасы Россиянын Грозный шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Окуу-машыгуу жыйыны 25-февралда башталып, 13-мартка чейин уланат.

Кураманын тизмеси:

  1. Максат Аргымбаев, 1989 ж.т., КР ЭДСЧ;
  2. Жыргал Оросбаев, 1993 ж.т., КР ЭДСЧ;
  3. Азизбек Замирбек уулу, 2002 ж.т., КР СЧТ;
  4. Азиз Давранов, 2004 ж.т., КР СЧТ;
  5. Аднан Жабраилов, башкы машыктыруучу.

Спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, дүйнө кубогу Накхонратчасима (Тайланд) жана Дубай (БАЭ) шаарларында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий