• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунда медаль багындырган спортчулар кайтып келишти

Спорт 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Кечээ, 5-мартта Абу-Даби шаарында өткөн паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрү Бишкекке кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын мүдүрүнүн орун басары Дарика Мамытова, Кыргыз улуттук паралимпиадалык комитетинин президенти Токторбек Айдаралиев жана Паратриатлон федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө кубогунда 1 алтын, 1 күмүш медаль жеңген.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Гүлназ Жузбаева – 1 орун;
Айтунук Жоомарт кызы – 2 орун.
Написать в кырг редакция

Пикир

Оставить комментарий