• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Париж: элге кол салган адам полициянын каттоосунда болгон

Дүйнө 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Ишемби кечинде бычак менен Париждин борборунда адамдарга кол салган Хамзат Азимов 2016-жылдан бери радикал исламчылардын тарапташы катары полициянын каттоосунда болчу.

France Info басылмасынын маалыматы боюнча ал француз жарандыгын 2010-жылы алган. Ошондой эле анын 1997-жылы Чеченстанда төрөлүп, Страсбургдагы университетте окуп жүргөнү кабарланды.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Telegram-каналы аркылуу Азимов 14 жашына чейин республикада жашаганын ырастап, анын радикалдашып кеткендиги үчүн жоопкерчиликти Францияга жүктөдү.

Ар дайым туристтер көп жүрчү Париж опера театрынын жанында болгон кол салуудан бир киши каза таап, төртөөсү жаракат алган. Азимовдун өзү полиция тарабынан атылып өлтүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий