• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Париж терактына шектүү Брюсселдеги сотко катышуудан баш тартты

Дүйнө 0

Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. 2015-жылы ноябрда Парижде теракт жасаган жихадчылар тобунун аман калган жалгыз мүчөсү Салах Абдеслам Брюсселдеги сот отурумуна катышуудан баш тартты.

Сот жараяны дүйшөмбү 5-февралда башталган. Алгачкы отурумга катышкан Абдеслам судья мусулмандарга жаман мамиле жасап жатканын айтып, суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.

Абдеслам 8-февралга белгиленген кийинки отурумга барбай турганын айтты. Сот айыпталуучу мындай укукка ээ экенин белгиледи.

Бельгия бийлиги Абдесламды 2016-жылы колго түшүрүү маалында полицияга кол салууга аракет кылган деп айыптоодо. Бул үчүн прокурор соттон аны 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Андан тышкары Абдесалам 2016-жылдын 22-мартында Бельгиянын Завентем аэропортунда болгон терактты даярдоого жардамдашкан деп айыпталган. Бирок судья бул жараяндын алкагында ал айыптоолор каралбай турганын белгиледи.

Салах Абдесалам – 2015-жылы 13-ноябрда Парижде теракт жасаган жихадчылар тобунун аман калган жалгыз мүчөсү. Анда кол салуудан 130 киши мерт болгон. Теракттан кийин ал төрт ай Бельгияда жашырынып жүргөн. 2016-жылы ноябрда Брюсселдин четинде кармалып, Францияга өткөрүлүп берилген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий