• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Парижде кыргыздын улуттук кийимдери көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 28.03.18. /Кабар/. Франциядагы кыргыздын “KyrgyzClub-France” диаспорасы Нооруздун урматына карата Парижде маданий иш-чара уюштурду.

Салтанаттын алкагында колдон жасалган улуттук кийимдердин көрсөтмөсү тартууланып, коноктор үчүн “курак” куроо боюнча мастер-класс уюштурулду.

Иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан ошондой эле модельер Элитанын “Кереметтүү жерим” мода көрсөтмөсү өткөрүлдү.

Иш-чаранын катышуучулары кыргыз майрамынын салтанатына сүңгүп кирип, улуттук тамактан даам татканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан тышкары катышуучулар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен жакындан таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий