• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парижде кыргыздын улуттук кийимдеринин жана буюмдарынын көргөзмөсү өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Париждеги "Альфалибра" арт-галереясында кыргыздын улуттук кийим-кечелери, көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргызстандын Франциядагы элчиси Асеин Исаев, Франциянын КР элчиси Микаэль Ру, Франциянын улуттук Ассамблеясынын депутаты Серен Мобернь, Париж шаарынын экс-мэри Оливия Польски жана башка коноктор катышкан.

Дипломаттар Кыргызстан менен Франциянын кызматташтыгын бекемдөөдө маданияттын ролу чоң экенин, ушундай маданий иш-чараларды өткөрүү эки өлкөнүн географиялык алыстыгына карабай маанилүү экенин баса белгилешти.

Франция тарап баса белгилегендей, жылдан жылга француздардын кыргыз элинин маданиятына, тарыхына жана салттарына болгон кызыкчылыгы артууда.

Көргөзмөдө кыргыз элинин маданиятын жана салттарын муундан-муунга сактап, өткөрүүдө аялдын ролу абдан чоң экендигин даңазалайт.

Көргөзмө 8-январда ачылган, үч күнгө созулат.

Пикир

Оставить комментарий