• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Парижде Леонардо да Винчинин сүрөт көргөзмөсү ачылды

Дүйнө 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. 24-октябрда Париждеги Лувр музейинде Леонардо да Винчинин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Ага он жыл даярдык көрүлгөн. Иш-чара сүрөтчүнүн өлгөнүнүн 500 жылдыгына арналган жана төрт ай бою көрүүчүлөргө эшигин ачат.

Көргөзмөдө да Винчинин 160тан ашуун эмгеги коюлган. Алардын айрымдары Луврга убактылуу берилген. Виртуалдуу технологиянын жардамы менен сүрөтчүнүн чыгармаларындагы көзгө көрүнбөгөн деталдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Леонардо да Винчи 1452-жылы Тосканада төрөлгөн. Ал сүрөтчү, скульптор, архитектор, математик, инженер, ойлоп табуучу жана окумуштуу болгон.

Луврда көргөзмө өткөрүү былтыркы жылдын аягында үзгүлтүккө учурап кала жаздаган. Италиянын “Лига” оңчул партиясы Францияга сүрөтчүнүн бир нече эмгегин берүүгө каршы чыккан.

Italia Nostra ассоциациясы да Винчинин белгилүү “Витрувиандык киши” сүрөтүн Венециядагы галереядан алып чыгууга тыюу салууга аракет жасаган. Ассоциация бул чыгарма дайыма бир жерде болушу керектигин, жолдо алып жүрүү ага зыян алып келерин билдирген. Бирок өткөн жумада Италияда сот сүрөттү Париждеги көргөзөмө коюуга уруксат берген.

Пикир

Оставить комментарий