• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парижде “Улуу Талаа: маданий мурас жана аалам тарыхындагы ролу” аттуу форум өтөт

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Эртең, 15-майда Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында Эл аралык Түрк академиясы Казакстандын ЮНЕСКОдогу өкүлчүлүнүн колдоосунда “Улуу Талаа: маданий мурас жана аалам тарыхындагы ролу” аттуу эл аралык форум өткөрөт. Бул маанилүү иш-чараны Эл аралык Түрк академиясы ЮНЕСКО менен бирге өткөрүп жатат. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Форумда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин “Улуу Талаанын жети кыры” макаласын талкуулоо жана Улуу Талаа (түрк дүйнөсүнүн) тарыхын жаңыдан ойлонуштуруунун, тактоонун, толуктоонун жолдору каралмакчы.

Эл аралык бул жыйынга АКШ, Россия, Индия, Кытай, Улуу Британия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Латвия, Голландия жана Мажарстан сыяктуу өлкөлөрдөн 70ке жакын окумуштуулар жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышат.

Форумга катышкан окумуштуулар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү “Улуу Талаа”: убакыт менен мейкиндикдин горизонттору”, “Түрк маданияты жана анын аалам маданиятына кошкон салымы”, “Түрк тарыхын кайрадан кароо: жаңы адистиктер менен жаңы мүмкүндүктөр” деген темалардагы үч отурумда окумуштуулар талкуулашып, өз пикирлерин билдиришет.

Быйылкы форумдун түрк элдеринин тарыхында өзгөчө орду бар. Себеби, Алтын Ордо менен Моголстан мамлекеттеринин курулушуна себеп болгон Талас курултайынын 750, Жусуп Баласагундун “Кудатгу Билик” чыгармасынын жазылышынын 950 жана акын Имамеддин Насиминин 650 жылдыгына туш келип отурат.

Пикир

Оставить комментарий