• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламент Абылгазиевдин өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун карады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн баяндамасында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүбүздөгү 2020-жылга карата пландарына жана көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Өкмөт башчы жана ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Талкуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.

Пикир

Оставить комментарий