• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламент Ак калпакты мазактагандарга 5000 сомго чейин айыппул салуу мыйзамын I окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Парламент "Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, анын концепциясын биринчи окууда колдоду. Демилгечилер – депутаттар Экмат Бакбакпаев менен Бакирдин Субанбеков.

Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун башкы максаты ак калпакты өлкөнүн маданий символу катары пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат. Мындай салт көптөгөн чет элдиктерде деле бар.

"Айтылуу илимпоз Лев Гумилев "Калпак формасы боюнча тоону, боз үйдү, ошону менен бирге, египеттик пирамидаларды да эске салат” деп белгилесе, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов "Асмандан жарык көрсөң – аны жылдыз деп бил. Ак калпак кийген адамды көрсөң аны – аныкыргыз деп бил", деген экен", - деди депутат.

Андан сырткары, кыргыздын улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1 миӊ сом, юридикалык жактарга 5 миӊ сом айыппул салуу чарасы сунушталып жатканы белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешев жазылган да, жазылбаган да мыйзамдар боло турганын эске салып, ак калпакты мыйзамдаштыруу, аны мазактагандарды админстартивдик жоопкерчиликке тартуу ашыкча болорун, ак калпакты мазактаган адамдарды коомчулуктун өзү эле жазалап койорун белгиледи.

Аны депутат Кожобек Рыспаев да колдоду. Демилгечилер мындай пикирдин таптакыр туура эмес экенин, атуулдукка жатпай турганын айтышты.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорундагы ак калпакка ак элечекти да кошуу зарылдыгын билдирди. Мындай пикирди депутат Элвира Сурабалдиева колдоп, гендердик теӊчилик дагы сакталышы керек экенин айтты. Демилгечилер бул сунушка макул болушту.

Андан тышкары, бир катар депутаттар кыргыздын улуттук баш кийимин сөзсүз кийип жүрүү талабын таӊуулоонун, аны өкмөт үчүн бизнеске айландыруунун зарылдыгы жоктугун, андан көрө аны жөн эле сунуштоо керектигин, ак калпак менен ак элечек көптөгөн кылымдардан бери мыйзамсыз эле каада-салт катары сакталып келатканын белгилешти.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алынган токтому менен Кыргызстанда ар жылдын 5-марты Ак калпак күнү катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий