• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Парламент Башкы прокурордун 2019-жылдагы ишинин отчетун канаттандырарлык деп баалады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокурордун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчетун карап, тиешелүү токтом кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

2019-жылга карата Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы, жана аны күчтөндүрүү багытында прокуратура органдары тарабынан жасалган иштер жөнүндө Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, жыйын суроо-жооп иретинде уланды.

Отчетту талкуулоо маалында депутаттар коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзамсыз баюу фактылары, балдардын укугун коргоо, укук коргоо органдары менен соттук өкүлчүлүктөрдүн иликтөө жана ыкчам-издөө ишмердүүлүгүнө карата көзөмөлдү күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Бийлик органдары жана кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так сакталышын камсыздоо багытында жаралган көйгөйлөр да көтөрүлдү.

Андан тышкары, чет өлкөдө жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу маселеси айтылды.

Пикир

Оставить комментарий