• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламент үчүнчү окууда Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Парламент бүгүн жыйында үчүнчү окууда “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамын жактырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча өзгөртүү киргизүүгө 63 депутат макул, 22 депутат каршы добуш берди. Бардыгы болуп 85 депутат катталган.

Мыйзам долбоорунда мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка материалдарды пайдалануучу иш-аракеттерге, ошондой эле мөңгүлөрдүн абалына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнөн тышкары муз даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге тыюу салынаары белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий