• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламент депутаттары жана аппарат кызматкерлери ишембиликке чыкты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеӊештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар жана аппараттын кызматкерлери ишембиликке чыкты.

Ишембиликтин катышуучулары борбор калаадагы сейил бакты иретке келтирип, суу арыктарын тазалоо менен дарактардын көчөттөрүн тигишти.

Иш-чаранын алкагында Нурланбек Шакиев экология маселеси борбор калаада курч экенин белгилеп, шаардын тазалыгына ар бир жаран кам көрүшү керектигин кошумчалады.

"Бабаларыбыз жаратылыш менен эриш-аркак жашап, жер-сууга, тоо-ташка, жан-жаныбарларга жана өсүмдүктөргө урмат менен мамиле кылган. "Бир тал кессең – он тал эк" деп, эч убакта табиятка кыянаттык кылган эмес. Андыктан, бабалардын жолун улап, жаратылышты көздүн карегиндей сактоо баарыбыздын милдетибиз", - деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле кыргызстандыктарды уюштурулган ишембиликтерге жигердүү катышууга чакырган төрага: "Жазда ар бирибиз көчөт тигип, талыкпай эмгек кылалы. Анткени, “Жаздын бир күнү - жылга тете" - дегендей, үзүрүн сөзсүз көрөбүз. Айрыкча, бүгүн тигилип жаткан көчөттөр, кийин түптүү бак-дарактарга айланып, алар келечек муундарга калтырган баалуу мурасыбыз болот", - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий