• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламент эч кимге белгисиз Абылкасымовдун маселесин биринчи иш күнү талкуулабашы керек - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Парламент эч кимге белгисиз Кайсар Абылкасымовдун маселесин биринчи иш күнү талкуулабашы керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине депутат Аида Касымалиева билдирди.

“Мен бул маселени күн тартибине киргизгени жатышканын укканда таң калдым. Тарыхый окуялардан кийин, өлкө жаңы президентин тандаган соң алгачкы иш күнү чогулуп жатканыбызды эске алсак. Буга байланыштуу биздин талкуулай турган маселебиз бар. Күн тартибине Кайсар Абылкасымов тууралуу маселени киргизгени жатышканын укканда мен таң калдым. Мен, депутат катары, бул адамды билбейм дагы. Бизде кыйла олуттуу маселелер бар. Ошол эле президенттик шайлоо, ал кандай өткөнүн талкуулашыбыз керек. Кыргыз-казак чек арасынын көйгөйү бар”, - деп нааразы болду ал.

Эл өкүлү Жогорку Кеңеш буга чейин президенттик шайлоого байланыштуу толук кандуу иштебегендигин белгиледи.

“Жеке мүнөздөгү жана премьер-министрдин статусу барда маселени көтөрүп кереги жок. Мен Сапар Исаковду жактаган жокмун, бирок анын статусу жогору, аны кайсы бир ишкердин деңгээлине түшүрүү абдан кызык. Эгерде эртең күн тартибине киргизишсе, анда мен каршы болом”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий